Menu

Жанин Ахунжанова: “Айчүрөк Иманалиева токтобосо, баарын айтууга аргасыз болом”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева менен Жанин аттуу айымдын чыры
өткөн сандарында Айчүрөк Иманалиева “Жанин деген аялдын айткандары жалган” деп маек берген. Бул жолу Жанин айым биздин редакцияга кайрылып, өзүнүн версиясын айтып берди.

– Жанин эже, саламатсызбы? Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз. Кайсы жерден болосуз? Ким болуп иштейсиз?

– Мен Баткен облусуна караштуу Айдаркен шаарчасынан болом. Азыр Куралдуу күчтөрүнүн түштүк аймагындагы бөлүмүндө ыр-бий ансамблин жетектейм. Жан дүйнөм ыр деп тургандыктан, ыр жаздырып, клиптерди тарттырам, шоу-бизнеске аралашып турам.

– Жергиликтүү маалымат булактарынын бирине “Айчүрөк Иманалиеванын үйүндө жашап, кордук каргөм” деп маек берип талкууга жем таштадыңыз…

– Айчүрөк Иманалиеванын үйүндө жашап кордук көргөнүм чын. Ушунча жылдан бери жүрөгүмдө сакталып келген капалык акыры суурулуп чыкты. Маектин арасында башымдан кечирген окуялар айтылып кетти. Бул элге жайылып кетет деп ойлогон эмесмин. Айчүрөк эже ырбатып ушуга жеткирип жатат. Мен да айтып берүүгө аргасыз болдум.

-Ырчынын үйүндө кандайча, кайсы жылдары жашап калдыңыз эле?

– Айчүрөк Иманалиева Айдаркенге келип концерт койгон. 3 күн жүрүп, биздин үйдө конок болгон. “Кызыңыз жакшы ырдайт экен, мен алып кетем” деп апамдын батасын алып жетелеп алып кеткен. Эгерде өзү алып кетпесе мен анын каякта жашаганын кайдан билмек элем? Ал айтып жаткандай, үйүн тыкылдатып, апамды жамандап, өлөм деп барган эмесмин. Мен маекте андан көргөн кордуктардын четин эле айтып бергем. Айтыла элек кордуктар дагы көп.

– Айчүрөк эже сиздин ырчы болуп чыгышыңызга тоскоол болгон эместигин жөндүү түшүндүрүп берди. Эмне үчүн үйүнөн кетип калган жоксуз? Кийинки жылдары деле ырдап чыксаңыз болбойт беле?

– Тоскоол болгон үчүн кыйынчылык, кордук көрдүм да. Анын үйүнөн 3 жолу кеткем. Үчүнчүсүндө биротоло кеткем. Эки жолу кеткенимде мени алдап кайра үйүнө чакырып алган. “Сен бизге керек экенсиң, кайтып
келип мени менен иштечи. Сага ыр жаздырып, костюм тиктирип берем” деген. Макул болгонумда майрамдаган. “Эмне учүн кетип калган жоксуз?” деп суроо берип жатасың. Ал ырдатам дегенинен ошол үмүт өчпөй жүрө бергем.

– Ал кезде канча жашта элеңиз? Канча убакыт жүрдүңүз анын колунда?

– Айчүрөк Иманалиеванын үйүндө жашап, театрында иштеп баштаганымда 16-17 жашта болчумун. Театр кайсы жакка концерт коюп барбасын Айчүрөк эженин жардамчысы болуп жанында жүрчүмүн. Үйүндө үй жумуштарын жасап, кирин жуучумун. Түнкүсүн ызы-чуу түшүп коноктор келишчү. Түнкү саат 2 же 3 болобу, тургузуп алып “пельмен, манты жаса” дечү. Чындыгында ал тамактарды жалгыз жасаган оор болчу. Ашканасы менин моюнумда эле. Ошентип үйүндө 1991-жылдын аяктарынан баштап 1994-жылга чейин жүргөм. 1995-жылы турмушка чыгып, бир жылдан кийин балалуу болгом. Андан кийин жаңы жылдык көрсөтүүлөрдөн 2 жолу кезигишип калганбыз. Ошондо Айчүрөк эже өзү учурашкан.

– Ушунча жылдан кийин буларды айтып чыгууга эмне түрткү болду? Бирөөлөрдүн шыкактоосу менен чыгып жаткан жоксузбу?

– Мен негизи Айчүрөк Иманалиеваны жамандап маек берген эмесмин. Жөн гана жашоом, жумуштарым тууралуу алынган маек болчу. 5-6 суроонун арасында Айчүрөк Иманалиева тууралуу айтылып кеткен сөздөр болгон. Эгерде жамандагым келсе маектин башынан аягына чейин Айчүрөк Иманалиева тууралуу сүйлөмөкмүн.

– Мындан ары кандай болот? Орозо айында өткөн-кеткенди кечиришип, өз ара сүйлөшүп, пикир келишпестикти чечишип аласыздарбы? Же чыр мындан ары уланабы?

– Негизи менин урушайын деген оюм жок болчу, азыр деле жок. Мен Айчүрөк Иманалиевага “Орозонун күнү, Гүлшайыр Садыбакасованын урматына кечирип коюңуз” деп WhatsАрр аркылуу жөнөткөн билдирүүмдү социалдык тармактагы баракчасына “Жанин калп айтканы үчүн кечирим сурады еп жүктөп койду. Андан кечирим сураганым чын. Бирок калп айтканым үчүн же бир нерседен коркконум үчүн эмес. Улуулардын сөзүн угуп, кичүү экенимди эске алып кечирим сурагам. Кечирим сураганда эле ал токтоп калышы керек болчу. Айчүрөк эже далили жок билдирүүлөрдү жазып жатат. Мындан ары токтобосо андан көргөн башка кордуктар тууралуу айтып чыгууга мажбур болом.

– Маегиңизге рахмат! Сиздердин ынтымакка келишиңиздерге тилектешпиз.

Булак: “Супер-Инфо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: