Menu

“Кырк Уруу Жети Дубан” кыймылынын лидери жана тарапташтары аймактар ​​аралык кастыкты козутуп, бийликти басып алууга үндөгөндүгү үчүн кармалды

Бөлүшүү:

Бишкекте аймактар ​​аралык кастыкты козутуп, бийликти күч менен басып алууга чакырган беш адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, кечээ интернетте белгисиз адамдар коомдук тартипти дестабилдештирүү жана бийликти күч менен басып алууга чакырык таштаган видеотасма тарай баштаган.

Бул боюнча борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматы сотко чейинки өндүрүштү баштады Материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси “Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар ​​аралык кастыкты козутуу” боюнча катталган.

Сотко чейинки процесстин жүрүшүндө  “Кырк Уруу Жети Дубан” коомдук бирикмесинин 26 мүчөсү кармалган. Алардын жыйырмасы баңгизатын колдонгону аныкталган.

Ошентип, бул кыймылдын лидерлери Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Алар:

1. Шамил Муканбаев, 1985-жылы туулган, мурда соттолбогон;

2. Артыков Амангелди, 1971-жылы туулган, мурда баңгизат сактагандыгы үчүн эки жолу соттолгон;

3. Акылбек Олжембаев, 1964-жылы туулган, мурда зордуктоо жана аткезчилик үчүн эки жолу соттолгон;

4. Рыскелди Бериков, 1972-жылы туулган;

5. Кубанычбек Жумаканов, 1966-жылы туулган, мурда үч жолу соттолгон, каракчылык, бейбаштык жана уурулук үчүн.

Тергөө иштери уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: