Ысык-Көл облусунда 25-июндан тарта балдар лагерлери ишин жандантышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, Ысык-Көл облусунда 19 балдар лагери бар.
“Бизде 19 балдар лагери бар. Июнь айынын башында республикалык штабдан балдар лагерин иштетүүгө уруксат бергиле деп суранганбыз. Балдар лагерлери 15-июндан тарта ишин жандантып келишкен. Азыркы болуп жаткан кырдаалга байланыштуу алар ишин жанданта элек. Биз суранганда республикалык штаб бул маселени чечүү укугун бизге өткөрүп берген. Ошондуктан 25-майдан тарта балдар лагерлери ачылып калышы мүмкүн. Биз кырдаалды карап туруп, андан кийин чечебиз”, – деди Осмоналиев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ