Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлеринин арасында коронавирус инфекциясы катталганына байланыштуу “Ак үй” ишемби күнү дезинфекцияланат. Бул тууралуу журналисттерге ЖКнын аппаратынан кабарланды.
Эсиңиздерге сала кетсек, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу коронавирус жуктуруп алган. Азыркы учурда ал үйүндө дарыланууда. Ошондой эле аны менен байланышта болгон башка кызматкерлер дагы үйүндө.
Ибраим Нуракун уулу канча адам менен байланышта болгону азырынча белгисиз.
Дезинфекциялоо иштерине Президенттин администрациясы жана ЖКнын администрациясы жооптуу.
Белгилей кетсек, бүгүн, 19-июнга карата Кыргызстанда 132 адамдан коронавирус илдети табылды. Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 2789га жетти. Ал эми айыккандардын саны 1961 болсо, илдеттен улам каза болгондор 32.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ