Бишкектеги Биринчи Май акимиатынын кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.
Анын айтымында, анализ тапшырганда социалдык бөлүмдүн кызматкеринен вирус аныкталган. “Калган кызматкерлер анализ тапшырууда, акимиат дезинфекция үчүн жабылды”, – деди ал.
Балбак Түлөбаев муниципалитет кардарларды кабыл алууда чектөө киргенин кошумчалады. Кызматкерлердин көпчүлүк бөлүгү аралыктан иштеп жатышат. Анын айтымы боюнча, мэрияда мындан башка кызматкерлерден коронавирус чыккан эмес.
Эске салсак, буга чейин муниципалитеттин үч кызматкеринен, анын ичинде мэр Азиз Суракматовдон оору аныкталган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ