Menu

“Авторитет” болгондордун муштуму кычышып турабы?

Бөлүшүү:

Атаганат, мурдунан илинип калгандар айла жоктон темир тордун ичине киришет турбайбы? Бирок, баары бир калтасында кампайган сөлкөбайлары барлардын “тагдыры” өзгөчө “статуска” алынат экен. Маселен, Нариман Түлеевдин түрмөдөгү күндөрү  жомоктой болбосо да,  ошого жакыныраак өттү. Ал түрмөдө дене-боюн жазып, көнүгүү жасап, мыкты оокаттарды аймап, “татыктуу” жерден орун-очок алды. Ал жайдагы “турмушун” узун сабак кылып айткандан тажабайт. Кыраатына келтирип айтканда камактагылардын ичинде “авторитет” болгонун билген жайыбыз бар.

Турмуш деген ар кандай болорун жон терибиз менен сездик да?  Ошол эле Данияр Нарынбаев түрмөгө түшкөндө Наримандай “дооран” сүрө албады. Анын ар бир күнү “тозокко” айланды. Себеби, самандай чачкан жашылбайлары жок болчу. Демек, башка салганды чыдап көтөрүүгө туура келди. Өткөндө сөөк узатуу болуп жаткан жерде шайтандай болуп Түлеевге кабылып, тумшукка муш жегени боюнча кеп тарады. Эми мунун калпы деле болбосо керек. Жөн жерден имиштер тарабайт да?  Бирок, ыйык орозо маалында Нариман осолдукка барыптыр. Ачуусун башка күнү, башка жайда чыгарса деле болмок. Тилекке каршы айрым “короз уруштургучтар” Түлеевди ого бетер шыктандырып жиберишти. Ал тургай Алмазбек Атамбаевдин акесин таанытаарын козгоп “түтүн” чыгарууну көздөштү. “Зектердин” чатагы ушуну менен бүттү дешке эртелик кылат. Разборкалар али алдыда…

Булак: Ачык сөз

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: