Бүгүн, 24-июнда Бишкек шаардык сотунда борбор калаанын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдордун иши боюнча айыпталуучулардын адвокаттарынын апелляциялык арызын кароону улантты. Отурумда судья Адис Момуналиев төрагалык кылып жатат.
Экинчи инстанциядагы сот мурунку инстанциялардагы соттун өкүмүн күчүндө калтырды.
Кубаныбек Кулматов КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) (эски редакция) боюнча күнөөлүү деп табылды . Ага 5 миллион сом айып пул салынып, бошотулду. Сот аны үй камагынан бошотту.
Албек Ибраимов бир катар кылмыштарга күнөөлүү деп табылды. Ал 15 жылга эркинен ажыратылды.
Белгилей кетсек, соттук отурумда прокурорлор Кубанычбек Кулматовду 15 жылга эркинен ажыратып, зот залынан камакка алууну, Албек Ибраимову 20 жылга эркинен ажыратууну суранган.
Эсиңиздерге сала кетсек, Кубанычбек Кулматов «Бишкектеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга бөлүнгөн 2 миллион долларды максатсыз пайдаланып, жемкорлукка барган» деп айыпталып, камакка алынган. Ал эми Албек Ибраимов «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айып менен камалган. Бирок, экөө тең мындай айыпты четке кагып, күнөөлүү эместигин айтып келген.
Былтыр, 23-декабрда, Ленин райондук сотунда экс-мэрлерге байланыштуу сот отуруму уланып, Албек Ибраимов 15 жылга кесилип, Кубанычбек Кулматовго 5 млн сом айып пул салуу менен сот залынан бошотулуп, эркиндикке чыккан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ