Бүгүн, 27-июнда Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагынын Улук жана Семет айылдарынын тургундарынан коронавирус аныкталып, бул эки айыл карантинге жабылган. Бул тууралу айыл өкмөтүндө өткөн жыйындан кийин Торук айыл башчысы Рахматилла аке аудио билдирүү тараткан.
Ал өз кайрылуусунда айылдын тургундарын көчөгө чыкпай илдеттен сактанууга чакырат. Айылдагы мечиттердин да жабылганын билдирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ