Бүгүн, 21-июлда өлкө башчысы коронавируска каршы күрөшүп жаткан ыктыярчылар менен жолугушту. Чындыкты билүү үчүн Сооронбай Жээнбековду ыктыярчылар социалдык түйүндөргө тез-тез кирип турууну суранышты. Бул тууралуу “Бирге” кыймылынын өкүлү Элдар Шабданов өзүнүн Фейсбук баракчасында билдирди.
Анын айтымында, элдин президент Сооронбай Жээнбековго бере турган суроолору абдан көп, бирок ал социалдык тармактар аркылуу байланышка чыкпайт.
Жолугушуунун катышуучулары президенттен жок эле дегенде, кээ бир учурда социалдык тармактарга кирип, түз эфирге чыгып, эл менен байланышта болуп турууну өтүндү.
“Ошондо сиз элге жакыныраак болосуз” деп активисттер ага Армениянын премьер-министри Никол Пашинянды жана Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилини мисал келтиришти. Алар эл менен байланыштын ушундай форматын көп колдонушат.
Ыктыярчылар аткаминерлерди сынга алып, ошону менен биргеликте мамлекет башчысынан эл менен түз байланышта болууну кайра-кайра суранышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ