Онкология бөлүмү Жал кичирайонунда жайгашкан ооруканага көчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова “Биринчи радиосуна” маек берип жатып билдирди.
Анын айтымында, келаткан жылы онкология бөлүмү Жал кичирайонунда жайгашкан ооруканага көчүрүү пландалууда. 2020-жылы химиотерапияга бюджеттен 160 млн сом бөлүнүп берилет. Анын 100 млн сому улууларга, 60 млн сому жаш балдарга бөлүнөт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ