Ош облусунун Алай районундагы Сары-Могол айылына Оогандан 10 үй-бүлө көчүп келди. Бул тууралуу айылдын тургуну Раимбек Мамасеитов 23-декабрь күнү Facebook баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында памирлик кыргыздарды жылуу кабыл алып, айылдагы эски мектептин имаратын оңдоп-түзөп, жашоого ылайыкташтырып, келген туугандарды ошол жакка жайгаштырышкан.
«Айыл тургундары келген жылуу кабыл алышты. Ошондой эле жылуу кийим, азык-түлүк ж.б. жашоодо керек болгон буюм-тайымдар менен жардам берип жатышат. Өмүр бою өз мекенин эңсеп келген боордошторубуздун жашоосуна татыктуу шарт түзүп бере алсак болгону…» – деп жазылат билдирүүдө.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ