Урматтуу мекендештер!
Мага жеткен маалыматтарга караганда, КТРК жана башка массалык маалымат каражаттарынан “2010-жылдын апрель–июль айларында Кадыржан Батыров менен Өмүрбек Текебаев көп жолуккан” деген жалган маалыматтар тарап жатыптыр.
Мага бул суроолор менен УКМК кызматкери кайрылганда, “Батыров менен эң көп жолуккан жана кадр маселелерин Атамбаев чечкен, анын Кыргызстандан чыгып кетишине да түздөн-түз Атамбаевдин тиешеси болгондугун тастыктаса болот” деп айткам. Батыров, Салахуддинов, Абдрасулов жана башка дагы өзбек факторунун пайда болушуна түздөн-түз Атамбаев себепкер болгондугун мен далилдеп берем. Атамбаевдин эки жүздүү саясаты эч кандай максатына жетпейт деп толук ишенем.
Мен, К.Кадыров, Д.Сарыгулов, Э.Карыпбеков ар кандай кысымдарга, алдоолорго баш ийбей, бекем бир позицияда турабыз.
Ак ийилет, бирок сынбайт!
Баары бир адилеттүүлүк жеңерине биз толук ишенебиз.
Асанов Бектур, 03.10.2016
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ