Menu

Төлөгөн Наралиев, КСДПчы, Апрель Баатыры: “2010-жылдагы Апрель революциясынын жемиштерин элден Атамбаев, Текебаев, Отунбаевалар уурдап кетишти, булардын жазасын Кудай берсин!”

Бөлүшүү:

“2010-жылы апрелде биз Алмаз Атамбаев менен Роза Отунбаева баштаган Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн артынан ээрчип, Бакиевге каршы чыкканда булардын арам ойлорун билген эмес экенбиз. Булардын бар болгон максаттары бийлик менен байлык болгон экен. Бакиевди кууп чыгарыбыз менен булар бийлик менен байлык талашып киришти. Атамбаев 6-7 жылда мультимиллионер болду. Текебаев катар-катар үй алып, бизнесмен-олигарх болуп чыга келди. Роза Отунбаева Англиядан үй сатып алды. Кыргызстанды 1.5 жыл башкарып, чаң-тополоң чыгарып, Ошто 1000ден ашык кишинин канына себепчи болушту. Анан Отунбаева ач калып, ток калып жүргөн караламан элдин эсебинен 80 миң сомго пенсияга чыгып, бекер машина, бекер шоопур, бекер жан сакчы, бекер үй, бекер тамак бөлдүрүп алып, чардап жүрөт. Ошол элдин ырыскысы тешип чыгып, Кудай Отунбаеваны да Атамбаевдей, Текебаевдей жазалаган күн келет. Жазасын берсин! Канча адамдын өмүрү кыйылып, жасалган революциянын жемиштерин Атамбаев, Отунбаева, Текебаевдер элден уурдап кетишти. Элдин үмүттөрү акталган жок. Шорлоп ыйлаган элдин, ушуларга ишенип каны төгүлүп жанын бергендердин жакындарынын кайгы-муңу буларды жөн жаткызбасын. Биздин эл караган бетибизди жер каратты. Эми Роза Отунбаева айылдыктарга асылып “биз силердин деңгээлиңерге түшпөйбүз” деп жатат. Бийлик алабыз деп чуркаганыңарда бизге, айылга жийиркенбей эле жетип келчү элеңер го Рыскан эже! Колдогула деп. Агабыз Чыңгыз Айтматов “Ааламга кеткен жол айылдан башталат” деп айтканы белгилүү. Ошол айылдык агабыздын көп жакшылыгын көрдүңүз эле, аны да унуттуңуз. Элдин турмушун оңдойбуз деп келип, оңдобой алдап кеттиңер. Коррупциялык мамлекет түздүңөр. Экономиканы кара сазга батырып салдыңар. Силерден кийин эми талкаланган мамлекетти оңдой алабызбы же жокпу бир кудай билет. Силерди элдин кусуру урсун!”

Төлөгөн Наралиев, Апрель Баатыры

КСДПнын Талас облусу боюнча экс-координатору

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: