Кечээ, 24-декабрь күнү Ош шаарындагы борбордук аянтта концерттик программа уюштурулуп, балатыны жандыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары, жаштар катышты.
Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов шаар тургундарын келе жаткан 2020-жаңы жыл менен куттуктап, борбордук аянтта 31-декабрга чейин майрамдык кече улана тургандыгын кошумчалады.
Иш-чара жаштарга арналган дискотека менен уланды.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ