“Комуз” жумалыгынын алкагында маданият өкүлдөрү залкар комузчулардын айкелдерине гүл чамбар койду. Бул тууралу КР Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Ага СССРдин, Кыргыз Республикасынын эл артисттери, маданиятка эмгек сиңирген ишмерлер, өнөр адамдары жана жаңы чыгып келе жаткан жаш комузчулар катышты.
Гүл чамбар Бишкек шаарында – Токтогул Сатылгановдун, Ош шаарында – Ниязалы Борошевдин жана Ысык-Көл облусунун Корумду айылында – Карамолдо Орозовдун айкелдерине коюлду.
Эске салсак, Маданият министрлиги 7-13- сентябрга чейин “Комуз” жумалыгын жарыялап, эпидемиялогиялык шарты эске алуу менен, иш- чараны онлайн форматта өтөөрүн расмий маалымдаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ