Menu

АКШ соту өзбек ишкерин криминалдардын тезмесинен чыгаруудан баш тартты

Бөлүшүү:

Гафур Рахимов

АКШ соту өзбек ишкери, Эл аралык бокс федерациясынын (AIBA) мурдагы президенти Гафур Рахимовдун уюшкан кылмыштуу топтун лидерлеринин тизмесинен чыгаруу тууралуу өтүнүчүн четке какты.

«Сот жашыруун тартылган видеону көрдү. Видео Рахимовдун криминалдык авторитеттер менен байланышы бар экенин ырастайт. Ал өзүн актаган далил көрсөтө алган жок», — деп жазылган Колумбия округдук сотунун чечиминде.

Гафур Рахимов биринчи жолу АКШ Каржы министрлигинин санкциялык тизмесине 2012-жылы киргизилип, «Евразиядагы кылмыштуу синдикаттын» лидерлеринин бири катары таанылган. Документте Рахимов Борбор Азиядагы баңгизат соодасына аралашкан өзбекстандык криминалдык лидер катары сыпатталат.

Рахимов ушул маселеден улам 2019-жылы Эл аралык бокс федерациясынын президенттигинен кетүүгө аргасыз болгон. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.

Санкция салынгандардын АКШдагы банк эсептери камакка алынып, америкалык жарандарга алар менен кызматташууга тыюу салынат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: