Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолун салууда эле эмес, Бишкек менен “Манас” аэропортунун ортосундагы 23 километр жолун курууда да мыйзам бузуулар болгону айтылып жатат.
Бул эки жолдун курулушун көзөмөлгө алуу функциясын “Кыргыз трек” ишканасы тендерден утуп алган. Ишкананы түптөгөн беш кишинин экөө Алмаз Тургунбаев менен Руслан Сатыбалдиев мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин туугандары болуп чыкты. Жантөрө Жолдошевичтин агасынын баласы Руслан бир эле учурда Транспорт министрлигинин алдындагы Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүндө иштейт.
Ал эл өкүлдөрү шекшип жаткан министрлик имаратынын 6-кабатында отурат. “Кыргыз трек” жолду кандай куруш керектигин кытайларга үйрөткөнү үчүн жана жолдун сапатын текшергени үчүн 40 млн. сомдон ашык акча табаары айтылууда.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ