Бүгүн, 10-сентябрда Бишкекте жайгашкан “Ак Сарай” ресторанына айып пул салынды.
Маалыматка ылайык, мобилдик топ Анкара көчөсүндөгү “Ак-Сарай” ресторанын текшерүү үчүн жөнөп кетишкен. Бул жерде, мекеменин менеджеринин айтымында, 200 кишиге ылайыкталган куран окуу уюштурулат.
Ресторандын кире беришине 30дай адам чогулган. Натыйжада бул мекемеге айып пул салынды. Айып пулдун суммасы 3 миң сом.
Санитардык экологиялык инспекциянын, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринен турган мобилдик топ күнүмдүк рейддик иш-чараларды коомдук тамактануу жайларында, тойкана ж.б. текшерүү жүргүзүшүүдө.
Буга чейин Бишкек мэриясынын буйругу менен кафе, ресторандарда иш-чараларды өткөрүү убактылуу чектелген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ