Бүгүн, 12-сентябрга карата Кыргызстанда дагы 67 адамдан коронавирус жана пневмония илдети табылды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Жаңы учурлар: Бишкек – 20, Чүй облусу – 3, Ош облусу – 10, Талас облусу – 1, Нарын облусу – 3, Ысык-Көл облусу – 7, Жалал-Абад облусу – 14, Баткен облусу – 6.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 44828ге жетти.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 148 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 40779ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ