Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдирүүдө.
Алардын айтымында, экс-министр камалар алдында коронавируска тест тапшырып, жыйынтыгы терс чыккан.
Белгилей кетсек, күн мурун Космосбек Чолпонбаев шалаакылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен Финполиция тарабынан кармалган.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ошондой эле элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө контракт түзүшкөндүгү аныкталган, ал мамлекеттик бюджетке 9 миллион сомго жакын суммада зыян келтирген.
Эртең, 17-сентябрда сот анын баш коргоо чарасын карайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ