Жанардын жаш экенине карабай жылдызы жанды. “Өнүгөлү десек Акаев менен Бакиев тоскоолдук кылып жатабы? 2010-жылдан бери эмне өзгөрдү? Экономикабыз дүркүрөп 50 өнүккөн мамлекеттин катарына кошулдукпу?” деген сөзүнө чычалаган ажо “Балашканын” шайлоодогу акчасын биз көтөргөнбүз” деп Акаевди чоң саясатчыга айлантты. Төлөнгөн акча эсептелинип, партияга аброй алып келген эмгек, алган добуштар эске алынбай калганын кандай түшүнсө болот? Азыр партиянын ичинде “Балашка” мандатын тапшырып кетиш керек деген сөз кызуу жүрүп жаткан кези экен. “Жанар Акаевге үлкөн бир гезитти сатып бердик, мандатын тапшырып ошол гезити менен алектенсин” дегендер чыгып аткан кези деген сөз чыкты Ак үй тараптагылардан.
Булак: “Жаңы ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ