Милиция жол кырсыгынан кийин каза болгон белгисиз адамдын туугандарын издеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 16-июль күнү Жибек Жолу проспектисинин Ала-Арча көчөсү менен кесилишкен жеринде “Мицубиси Каризма” унаасын башкарып бара жатып, 1987-жылы туулган айдоочу Т.А. жөө жүргүнчүнү сүзгөн.
Натыйжада, 40-45 чамасындагы белгисиз адам жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.
Милиция сүрөттөгү адам жөнүндө, ошондой эле күбөлөр жөнүндө кандайдыр бир маалыматка ээ болгондордун баарынан төмөнкү телефон номерлери боюнча кабарлап коюуну суранат: (0312) 53-22-33, (0312) 53-01-81, (0553) 11- 21-13, (0502) 22-24-12 жана 102.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ