Menu

Фото – Маданият министри Азамат Жаманкулов республикалык маанидеги эки тарыхый-маданий мурас объекттер менен жеринде таанышты

Бөлүшүү:

КР Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун аймактарга болгон иш сапары Бакай- Ата районунда уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда КР Маданият министрлигинин  басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ал, аталган райондогу Кумуштак капчыгайында жайгашкан “Арзымат Байдын” күмбөзүнө жана Кең-Арал археологиялык эстелигине барган. Анда аталган тарыхый- маданий эстеликтердин ал абалы менен жеринен таанышып, алардын көйгөйлөрүн чечүү жолдору жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тиешелүү адистер менен талкууланган. Бул багытта Маданият, маалымат жана туризм министрлиги күчөтүлгөн тартип менен иштеп, жакынкы аралыкта маселелер оң жагына чечилерин министр Азамат Жаманкулов белгилеген.

“Арзымат –Байдын” күмбөзү тууралуу:

Жакынкы аралыкта Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте ички туризмди өнүктүрүү максатында “Арзымат Байдын” күмбөзүн сактап жана коргоп калуу аракеттерин жүргүзүү үчүн, анын айлана тегерегине коргон (ограждение) орнотуу иштери каралып жатканы белгилүү болду.

Бул багытта Маданият, маалымат жана туризм министрлиги илимий изилдөө иштерин жүргүзүп, долбоордук иш- кагаздарын даярдап, тиешелүү аракеттерди ишке ашырат. Ал эми бул долбоордун негизинде күмбөздө куткаруучу жана оңдоп түзөө иштерин жүргүзүлө тургандыгы айтылды. Бул архитектуралык эстеликте буга чейин оңдоп түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Азыркы абалы канааттандырарлык.

X-XII кылымдарга таандык Кең-Арал археологиялык эстелиги тууралуу:

Ал эми, Бакай-Ата районуна караштуу Кең Арал айылынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан Кең-Арал археологиялык эстелигинин айланасында жергиликтүү тургундар тарабынан мыйзамсыз үй куруулар, бак отургузуу жана эгин эгилип жатканы белгилүү болду. Мындай мыйзамсыз иш- аракеттерге бөгөт коюу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө тез аранын ичинде археологиялык эстеликтин аймагында үй куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнү токтотууну, чарбалык жана курулуш иштердин бардык түрлөрүнө тыюу салуу менен эстеликтин аймагын сактоо боюнча иштерди алып баруу керектиги айтылды. Министр Кең-Арал эстелигинин аймагында жакынкы жылдар аралыгында илимий изилдөө иштерин жүргүзүү менен, аны жана туристтик жайга айландыруу зарылдыгын белгиледи.

Белгилүү болгондой Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 токтому менен Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине Талас облусунун Бакай-Ата районунда жалпы 22 эстелик катталган. Алардын арасында XIX кылымда (болжол менен 1913- жыл) тургузулган Арзымат Байдын күмбөзү жана X-XII кылымдарга таандык Кең-Арал археологиялык эстелиги да бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: