Бүгүн, 9-октябрда кечки саат 18:00 чамасында жаракат алган “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиев ооруканага жеткирилди.
Таш башына тийди. Анын эсине келгени белгилүү болду. Дарыгерлер керектүү жардамдарды көрсөтүшөт. Бөтөлкө Элвира Сурабалдиевага дагы тийген. Анын айтымында, ал өзүн жакшы сезүүдө. «Тилек оор жаракат алган. Ал эсин жоготту», – деди Элвира Сурабалдиева.
Эске салсак, Ала-Тоо аянтында экс-депутат Садыр Жапаровдун, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жана экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлеринин кагылышы болгон.
Садыр Жапаровдун тарапкерлери Алмазбек Атамбаевдин жана Өмүрбек Бабановдун тарапташтары менен болгон кагылышуудан кийин Бишкектин Эски аянтына кайтып келишти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ