Бүгүн, 11-октябрга карата Кыргызстанда дагы 306 адамдан коронавирус жана пневмония оорусу аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек – 53; Ош – 54; Чүй облусу – 20; Ош облусу – 52; Талас облусу – 2; Нарын облусу – 9; Ысык-Көл облусу – 12; Жалал-Абад облусу – 63; Баткен облусу – 41.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 49 230 адамга жетти.
Өткөн суткада коронавирус инфекциясынан каза болгондордун жаңы 3 учуру катталды. Баткен облусунан – 1, Ош облусу – 2.
Жалпысынан каза болгондордун саны 1085ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ