Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин дайындалат. Бул тууралуу БШК билдирет.
Маалыматтарга ылайык, мындай чечим жумушчу жыйында кабыл алынган. Ошондой эле, парламент депутаттары №2 формасы боюнча каттоо маселесин дагы чечиши керектиги айтылды.
Бардык өзгөрүүлөр, анын ичинде босого чектин жана шайлоо күрөөсүн азайтуу, алтынчы чакырылыш тарабынан үч окууда кабыл алынары менен БШК добуш берүү күнүн жарыялайт.
Эскерте кетсек, буга чейин профилдик комитет бул демилгени жактырган. Шайлоо алдын ала 20-декабрда өтөт.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ