Menu

“Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” дегендей КЭУнун ректору Төлөбек Камчыбековду бир жактуу караламай күчөдү

Бөлүшүү:

Ушул күндөрү М.Рыскулбеков атындагы КЭУну (кыргыз экономикалык университети) жана анын ректору Төлөбек Камчыбековго карата айрым маалымат каражаттарынан бир жактуу караламай саясаты күч алды. Айрыкча коомчулукка белгилүү аттуу-баштуу инсандардын дал ушул окуу жайдан илимий иштерин коргоп жатышы айрымдардын түн уйкусун бузууда. Мунун жандырмагы жөнөкөй эле. Окуу жайдын жана андагы жетекчиликтин ушул ийгиликтерин жалпы элге жаманаттылап, коррупцияга шектүү катары көрсөтүүгө аракеттер жүрүп жатканы өкүнүчтүү.

Кыргыздын эзелтен эле куйтулары ийгилик жараткан инсандарын ар убак колдон-буттан чалып, жолун тороп келгендиги маалым. Дал ушундай кептин чындыгы бүгүн күндөн-күнгө аброю артып бараткан М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун ректору Төлөбек Камчыбековго да тийиштүү болууда. Төлөбек мырзанын өлкөдөгү көп баскычтуу, адистештирилген, экономикалык нуктагы азырынча жападан жалгыз, башкалардан өзгөчөлөнгөн жана сырттагы базар мамилелеринин негизги шарттарына толук жооп берген окуу жайды жаңы сапаттарга көтөргөнү айрым көөдөнү сокурларга жага берген жок. Ийгиликке ичи өрттөнгөндөр миңдеген студенттер билим алган куттуу окуу жайды, ага кошуп университеттин жетекчилигин жаманатты кылууга жандалбас урушууда. Муну менен алар арам ойлуу, бузуку тилектери аркылуу “суу ичкен кудугуна түкүргөндөй” кадамга барышууда.

Ар бир учурдун өзүнө тиешелүү баалуу кадрлары болот. Бүгүн М.Рыскулбеков атындагы КЭУну карандай эмгеги менен бутуна тургузганга ат көтөргүс салым кошкон ректор Төлөбек Камчыбеков куттуу билим очогун барган сайын жаңы сапаттарга көтөрүүдө. Эл аралык алкакты айкалыштыра жүргүзгөн бийиктеги ишмердүүлүгү, студенттерге, магистрант, аспиранттарга, илим кандидаттары менен докторлоруна заман талабына шайкеш экономикалык, ишкерчиликтин миң сырлуу жагдайларын окутууну өзгөчө ыргак менен жүргүзүп жаткандыгына жана билим берүүнүн усулу англис тилинде өтүп жатышы, алардын алды чет өлкөлөргө барып окууларын улантып, иштеп жатканы боюнча бир нече мисалдарды келтирсек тизме узара берчүдөй. Мамлекеттик деген статуска ээ болгону менен бул окуу жайга өлкө казынасынан кыпындай да тыйын бөлүнбөгөнү, тескерисинче, университет мамлекеттин казынасына тиешелүү салыктарды төгүп, жүздөгөн жумушчу орундары менен жарандарыбызды камсыз кылышы мунун айныгыс далили боло алат. Университеттин профессорлук-окутуучу курамы 2014-жылы Кыргыз Республикасынын “Билим берүү” номинациясынын сапат боюнча сыйлыгынын лауреаттыгына (Гран-приге),  республиканын өкмөтү уюштурган “Ала-Тоо жазы – 2017” Гран-присине, маркетинг боюнча жогорку окуу жайлар аралык олимпиаданын Гран-присине, дүйнөгө кеңири таанымал “Томсон Рейтер медиакомпаниясынын” веб-илимди эң жигердүү колдонуучулар номинациясынын сертификатына ж.б. татыктуу болгон. Ошондуктан аброю артып бараткан университеттен билим алууну көздөгөн миңдеген студенттердин катары жыл сайын калыңдап, илимий ишке ык койгон аспиранттар менен магистранттар, илим кандидаттары менен докторлорунун саны арбып баратышы айрым “көмүскөдөгүлөрдүн” ичтерин “ушатууда”.

Бүгүн дал ушул окуу жайдан канат күүлөп чыгышкан бир катар мамлекеттик кызматкерлер менен ири ишкерлер, илимпоздор өлкөбүздүн социалдык, экономикалык жактан өсүшүнө олуттуу салымдарын кошуп жатканын кимдер билбейт.  Университетти бутуна тургузууга көптөгөн жылдардан бери салымын кошуп келе жаткан ректор Төлөбек Камчыбеков менен далайлаган инсандар билим алышкан куттуу окуу жайды бир беткей жаманаттылоо Кудайга да жакпастыр. Бирок, мындай иш “ичтен чыккан ийри жылаандар” тарабынан демилгеленип, маселени билип-билбеген “арзыматтар” тарабынан коомчулукка бир беткей жарыяланышын кандайча түшүнсө болот? Коңулда жатып, “сасыткы иштер” менен алектенип, кыйынчылыктар менен бутуна турган университетке келечекте даяр ашка ээ болгусу келгендердин арам ойлору мындай шартта ишке ашпасы турган иш.

Ийгилик БОЛСУНБАЕВ

Булак: Азия Ньюс 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: