Menu

Сариев Балыкчы – Корумду жолуна жооп бербей калдыбы?

Бөлүшүү:
Темир Сариев өкмөт башчысы болуп турганда каржылык булактарын аныктабай туруп баштап салган Балыкчы – Корумду жолу боюнча улам бир былык калкып чыгууда. Курулушту кытайлык “Лонг Хай” компаниясы жүргүзүүдө. Дал ушул жолго байланыштуу Темир Сариев менен ошол кездеги транспорт жана жол министри Аргынбек Малабаев араздашып, экөө тең кызматтан кеткен. Кытайлык компаниянын өкүлдөрү тарабынан Сариевдин жардамчысына 6 миллион доллар пара берилгени айтылып, чоң чуу чыккан. Натыйжада, бул жол чыры боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө бүгүнкү күнгө чейин аягына чыга элек. Жакында Башкы прокуратура Балыкчы -Корумду жолунун курулушу боюнча мамлекетке 16 миллион сомго зыян келтирилгенин айтып, алдамчылык, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, өлкөнүн кызыкчылыктарына каршы келген сатып алуу деген негизинде дагы бир кылмыш ишин козгоду. Коомчулукта болсо бул кыңыр иштин аягына чыкпай жатышы Малабаев президенттин жакын кудасы болгондуктан ишке көз жумду мамиле кылуудан башка арга жок экенин каңкуулашууда. Ошол себептен Сариевге да эч нерсе кыла албай жатышыптыр…
Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: