Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан “клей” жыттап элге тынчтык бербеген өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Милициянын кайгуул кызматынын басма-сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 19-октябрда болжол менен саат 23:40 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына белгисиз жарандар тарабынан Фучик эс алуучу жайында жаш өспүрүм элге тынчтык бербей жатат деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 2006-жылы туулган жаш өспүрүм, “клей” жыттап, экыл эсин жоготуп, элге тынчтык бербей жерди тепкилеп, кыйкырып-бакырып жатканына күбө болушкан.
Чакыруу менен келген Милициянын кайгуул кызматкерлери Жуматаев менен Темиркулов ошол замат чечим кабыл алып, коомдук тартипти орнотуу менен мирге жаш өспүрүмдү Ленин райондук ИИБнын жаш өспүрүмдөр менен иштешүү бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Азыркы учурда Ленин райондук ИИБнын жаш өспүрүмдөр менен иштешүү бөлүмү тарабынан жаш өспүрүмдүн аты жөнүн, ата-энесин жана жашагандыгы тууралуу дарегин тактоо иштери журүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ