Чүй облусунун ички иштер органдарынын онлайн кеңешмесинде ыкчам-кызматтык ишмердикти жакшыртуу боюнча маселелер каралды. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 21-октябрь күнү Чүй облусунун ИИББнын борбордук аппаратынын кызматтарынын, бөлүмдөрүнүн, ошондой эле райондук-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда онлайн кеңешме болуп өткөн.
Кеңешмеде Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан 2020-жылдын 9 айында аткарылган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүк боюнча жыйынтык чыгарылып, айрым кемчиликтерди жоюу боюнча талкуу болгон.
Кеңешмеде Чүй облусунун ИИББнын жетекчили тарабынан коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулукту алдын алуу жана катталган кылмыштардын бетин ачуу, ошондой эле коомчулукта резонанс жараткан кылмыш иштерин бети ачуу жана сотко чейинки өндүрүш иштерин алдыга жылдыруу боюнча тапшырмалар коюлган.
Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, зарыл болгон ыкчам издөө иш-чараларын жогорку деңгээлде жүргүзүү үчүн тиешелүү кызматтардын жетекчилерине талаптар коюлган.
Ошондой эле кызматкерлердин ички тартиптерине көңүл буруу, коомдук жайларда алдын алуу жумуштарын жакшыруу маселелери каралган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ