Menu

Сапар Мурзакулов, “Атамбаевсиз КСДП кыймылынын жооптуу катчысы: Тукумуңарды булгап албагыла, урматтуу кошоматчылар!”

Бөлүшүү:

– КСДПда 2012-жылга чейин чыныгы мүчөлөр болгон. 2012-жылдан кийин КСДПга акимдер, мэрлер, айыл өкмөттөр, жергиликтүү бийликтер иштеди. АША ошого терең канааттануу менен ыраазы болуп, “болду, мындан ары бийлик меники”- деген эйфорияга батты. Жан жоокерлери айтканды угуп, айланасын көзгө илбестен аларды чымынчалык баалабады. Шоопур тандаган жол менен айрым эркин гезиттерге куугунтук жасашты. Мисалы, “Вечерный Бишкек” илгертен бери кыргыз демократиясына душман болуп, шовинисттик тутумда тээ 90-жылдардагы Кыргыз жаштарынын кыймылын кадыр эсе улутчулдукка такап, тээ 1916- 37-жылдардагы тукум курутуучулукту эңсеген макалалары менен кыргыз жаштарынын чыныгы мекенчилдик маанайын тебелеп жок кылуунун үстүндө үстөмдүк кылгандыгы эч кимге жашыруун эмес. Акаевдердин дооруна кызмат кылып, жабыркамыш болгон жылма эки жүздүү кара сары (кореец) чал Бакиевдердин дооруна секирип, Ким деген белгилүү чал жөөттөр аркылуу түптөгөн ошол кездеги “МСН” гезитинин башындагы азыркы “Вечерний Бишкектеги” жабырлануучу Ким учурунда “Алкак” гезитине жалаа жаап, хизбутчлар деген жарлык менен каматканга үлгүргөн атактуу “шовинист” экенин тарых тастыктап бере алат. Азыр дагы бүгүнкү бийликтин этегине намаз окуп, ушул бийликтин доорунда жабыркаган жароокер болгусу келген кара сары чал (кореец) дагы канчалаган кыргыз бийлигинин канын соруп, эки ата кыргызды бири, бирине тукуруп, “Вечерний Бишкектеги” кадырлуу кыргыз журту үчүн күйгөн адам катары өзүн сала берип, жабырлануучудай жароокер чал болумуш болуп отурганын азыркы бийликтеги мыктылар жакшылап аңдаса болоор эле. Кыргыз эли бекеринен «Керегем сага айтам, келиним сен ук, уулум сага айтам, уугум сен ук», деген накылды, бекеринен какшабагандыр. Аттиң ай, «айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман» деген кыргыздын сөз көркүн баалап, бүгүнкү кыргыздын мыктылары угаар деген маанайда айтууга аргасыз болуп отурмун. «Кайда барса, кара катын жаман» болбой ошол кара катындын какшаганын уга турган учур жакындап келаткандан кабар бергенсийт. Кимдир бирөө үчүн бүгүнкү бийлик, байлык таттуудур. Бирок, мен үчүн келечек муундун, Кыргыз өлкөбүздүн тагдыры өтө таттуу, алардын жашоосу таттуу болушу үчүн жан үрөп, келечек муунга татыктуу өлкөнү өткөрүп берүүгө биздин муун жооптуу болоорун жон терим менен сезип, ошол түйшүк менен күн, түн түйшөлүп келем. Кыргыз журту дүйнөнү сактап, жаңы муунга келечек шартты түзгөн. Ошондуктан бүгүнкү биздин муун келечек муунга калтыра турган жоопкерчилигибизди терең сезип, Ата-Мекен жалгыз биздики экенин келечек муунга мурас калтыраарыбызды терең баамдайбыз деп ишенем. Кыргызда «күйгөн катын кошокчу» дейт. Эгемендүүлүккө ээ болгонубузга чейрек кылымдан ашты бирок, биз кайрадан эле бир тырмоону кайра, кайра басуудабыз. Ошондой болбос үчүн кошок айтууга аргасыз болот экенсиң. Урматтуу мыктылар, эл башкаруучулар, эл билбейт, биз кылганыбызды кыла беребиз дегенден алыс болгулачы сураныч! Силер кылып, жасап, айткан жалганды коом өтө жакшы билет. Анткени буга чейинки башкаруучулар дагы силерге окшоп ойлонгон, арты бир кишиге жаман болду, Ошону менен бүттү, биз кала беребиз, айта беребиз, сата беребиз деген жашоодо жашап келесиздер. Эмдигиси силерге окшогон айтуучуларга сатуучуларга жетет. Болгону тукумуңарды булгап албагыла, урматтуу кошоматчылар!

КСДП мамлекеттин өзөгүнөн турат. Азыр “сен кимсиң?”-деп, кайсы бир башкаруучулардан сурасак, “мен КСДПданмын, сен кимсиң”- деп бизди ыңгайсыз-суроолуу жоопко кептешет. КСДП деген ким?, – эмне?- деп эч ким сурагысы дагы келбейт. “Эмнеге?”,- жообу даяр, аны баардыгыңыздар билесиздер. Себеби “КСДП бул Атамбаев, Атамбаев. Бул КСДП”- деп, жок андай болду десек да баары бир “Ак Жолду” көрүп, ошону менен жашап жатабыз деп айта алган жокпуз да. КСДПны уюштуруп, ошону түптөп, ысык суугуна тонгон адамдардын дагы ачуу чындыгы бар экендигин биз ушуга чейин билген эмеспиз. Анткени КСДПны бир канча илим, билимдүү адамдар түптөп, анан алар бир адамга ишенишип, ошол адам Арашандан чыккандыгына байланыштуу “бүт Солто уруусу ээрчийт” дегендердин дагы ачуу чындыгын айтууга акылуу экенин биз таптакыр баамдабай койсок болбостур дээрбиз. Ошол сөздөрдү осол кетирбейли деген маанайда Чүйлүк туугандарыбызга тушүнүктүүрөк болуусу үчүн котормосу жок бердик.

“…Экс-губернатор Чуйской области, член партии СДПК Сагынбек Абдрахманов вопреки воле Алмазбека Атамбаева намерен провести внеочередной съезд «социал-демократов». По словам Абдрахманова, только считанные люди в СДПК поддерживают лидера партии Алмазбека Атамбаева: “Партия – не собственность Атамбаева. Наши парни не просто так проливали свою кровь. Поэтому мы все равно проведем этот съезд. Почти большинство членов партии поддерживают это решение. Все они требуют, чтобы были доведены до конца все коррупционные дела.

Между тем депутат от фракции СДПК Анвар Артыков в отметил, что не слышал о таких разговорах: “В первый раз от вас слышу. Конечно, Абдрахманов как член партии может инициировать вопрос о проведении съезда СДПК. Только поддержат ли его члены партии? В этом я очень сомневаюсь. Поэтому навряд ли у него что-нибудь получится”.

Его коллега по парламентской фракции и член политсовета СДПК Марат Аманкулов также поделился своим мнением на это счет: “- Впервые об этом слышу. Пусть попробует собрать съезд. Посмотрим. Но я лично считаю, что к этому не стоит относиться серьезно. Всегда есть недовольные. И они всегда считают, что их много. Есть такая категория людей, которые думают, что их в чем-то обделили. Чаще всего у них очень высокая самооценка. Я сейчас не говорю конкретно про СДПК. Такое происходит в любом коллективе. Тем более, как показывает история. В партии такие явления происходят постоянно.

Мен бул сөздөрдү айткан жокмун, себеби бийликте эмесмин, жогоруда ушул сөздү айткандар дагы деле ошол кызматтарында отурушат. Мен бул макаланы жазаардан мурун токсон тогуз жолу толгондум, эртең ушул сөзүмдүн курмандыгы болуп калбайын деп. Буга чейин өзүм жазган макаламдын сыясы кургай электе артыман сая түшүшчү эле. Себеби мен Сагынбек Абдырахмановду Чүй облусунун губернатору болгон кезде дагы жакшы таануучу эмесмин. Бирок, ЖКда КСДПнын депутаты болуп турганда өз эркин көргөзгөн мыкты депутат катары баалаганым чындык. Андан кийин көп баарлаштык, албетте бийлиги жок кезде бирок, ага ини катары жакшы пикирде болдук. Кийин өз эрки менен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу партиянын ичиндеги жеке басарлыкты жок кылууга биз милдеттүүбүз деген жүктү мойнуна жүктөп, ушул идеяга мени тартканына өтө ыраазымын. Партиянын ичиндеги жеке басарлыкка каршы көтөрүлүп, “келгилечи, биз таза жолго түшөлүчү”- деп чыкканда эч ким чындап эле түшүнгөн эмес, тескерисинче таң калышкан. Биздин түшүнүгүбүздө “чын эле бизде партиянын ээси бир адам” деген түшүнүк калыптанып, ошол маанайдан чыкпай жүргөнүбүздө Сагынбек Үмөталиевич көзүбүздү ачып, даңгыр жолго салгандай болду. Бул жолду жалгыз КСДП эмес, бүтүндөй Кыргызстандагы саясий партиялар басып өтүп, кайталоого милдеттүү боло турган жолду көргөздү. “Атамбаевсиз КСДП”- деген чакырык менен жыйын өткөрүп келе жаткандар парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов менен жолукканын жарыялашты.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: