Menu

Чыныбай президенттикке барбайт, бирок спикерликтен да өз каалоосу менен кетпейм дегенди кыйытты

Бөлүшүү:

Кечээ Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков журналисттерге пресс-конференция берди. Журналисттердин суроолоруна түз жооп бербей чаргытып, айрым суроолорго «чагым жыттанат» деп жооп бербей да койду. Баарынан дагы «Президенттикке аттанам десем атаандаштарым коркуп кетип ар кандай кара пиарларды уюштуруп жиберди», – деп угуп-көрүп отургандардын келмесин ооздон түшүрдү. Ошондой эле, партиялаштарым менин президент катары көргүлөрү келишкенин, үй-бүлөдө деле атасынын айтканы менен макул болбогон бала болорун, ошол бала Турсунбеков экенин, атасынын айтканы менен макул болбой өз пикирин билдирген баланы кодулаган туура эместигин айтып актанды. Акырында, президенттикке барбай турганын билдирип, бирок кимди колдоорун айткан жок. Төрагалык орун мыйзам чегинде чечилээрин билдирип, мен өз каалоом менен кетпейм дегенди кыйытты. КСДПга ак кызмат кылганын, партиядан чыгарууга эч себеп жоктугун да кыстарып өттү.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: