Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү ЖКнын жыйындарына 10 күндөн ашык келбеген депутаттарды мандатынан ажыратууну сунушташты. Бул тууралуу алар “Мамлекеттик бийлик органдары” секциясынын отурумунда талкуулашты.
Учурдагы Конституцияга ылайык, бир сессиянын ичинде Жогорку Кеңештин жыйналыштарында жүйөөлүү себептерсиз 30 же андан көп жумушчу күнү жок болгондо депутаттын ыйгарым укуктары токтотулат.
Секциянын төрагасы Болот Токтобаев депутаттардын жыйындарга келбей калуу мөөнөтүн 10 күнгө чейин кыскартуу сунушун добуш берүүгө койду.
13 мүчө “макул”, 4 мүчө “каршы” добуш беришти. Ошентип, бул сунуш Негизги Мыйзамдын жаңы долбооруна киргизилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ