Menu

АКШнын элчилиги Матраимовдун иши боюнча комментарий берди

Бөлүшүү:

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иши боюнча комментарий берди. Тийиштүү билдирүү элчиликтин Твиттердеги расмий баракчасына жарыяланды.

“АКШнын элчилиги УКМКнын Матраимов боюнча ишинде башка айыпталуучулар да катышып жаткандыгын белгилейт. Тергөө жана соттун өкүмү уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн ачкычы жана кыргыз элинен уурдаган адамды жоопко тартууну камсыз кылат”, – деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, УКМК Райымбек Матраимовго карата сотко чейинки өндүрүш уланып жаткандыгын билдирген. Бул иштин алкагында башка бажы кызматкерлеринин дагы коррупциялык схемаларга катыштыгы бар экендиги аныкталды.

Эскерте кетсек, Райымбек Матраимов бажы органдарындагы коррупцияга байланыштуу сотко чейинки териштирүүнүн алкагында 20-октябрда кармалган. УКМК Матраимов тергөө менен кызматташууга макул болгонун, 2016-жылдан бери коррупциялык схема аркылуу тапкан 2 млрд. сомду мамлекетке төлөп берерин билдирген. Ал ошол эле күнү УКМКнын депозиттик эсебине 80 млн. сом төккөн. Сот Райымбек Матраимовду кетпөө тил каты менен бошоткон.

Посольство США прокомментировало дело Матраимова

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: