Menu

Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматтан баш тартты

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын  мэринин кызматын аткаруучу Нариман Түлеев кызматтан кетип жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы тараткан анын кайрылуусунда айтылат.

“Өткөн жумадан баштап, коронавируска байланыштуу оор кырдаалга байланыштуу мени Азиз Суракматов Бишкек шаарынын биринчи вице-мэринин кызматын аткарууну суранды, мен кабыл алдым. Азиз Эмилбекович жакшы иштеди, бирок ал шайлоого барууну чечти, мыйзамга ылайык, мен мэрдин милдетин аткара баштадым”, – деп айтылат билдирүүдө. 

“Мен жада калса иш менен мен таанышканга үлгүрбөй калдым, креслонун тегерегинде ар кандай топтордун ыплас мушташтары башталып кетти.. Биз президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров менен мэрдин милдетин аткаруучу кызматтан кетем деген чечим кабыл алдык. Ошондой эле, анын макулдугу боюнча, биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев Бишкек шаардык кеңешинин чакырылышынын мөөнөтү аяктаганга чейин (2021-жылдын 11-апрели) мэрдин милдетин аткарат”, – деп айтылат билдирүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 77 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: