Кыргызстандын РФ Санкт-Петербургдагы элчилигинин кеңсеси Кыргызстандан барган таксисттин өлтүрүлүшүнүн чоо-жайын айтып берди. Эске салсак, аны жыгач таяк менен сабашкан.
Каза болгон Кыргызстандын жараны, 1985-жылы туулган А.А. Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү кармалып, козголгон кылмыш ишинин алкагында бардык керектүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Учурда маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү маселеси чечилип жатат. Бул маселе көзөмөлгө алынды.
Эске сала кетсек, 26-октябрда Санкт-Петербург шаарында таксисттин өлүмүнө шектелген эркек менен аял кармалган. Күбөлөр кылмыш тууралуу милицияга кабарлашкан.
Маалыматка ылайык, 26-октябрга караган түнү жергиликтүү тургундар Новочеркасский проспектисинде жайгашкан ресторандын унаа токтоочу жайында бир жаранды жыгач таяк менен сабап жаткан адамды көрүшкөн. Андан кийин кол салган адам такси компаниясынын логотиби түшүрүлгөн унаанын рулуна отуруп, айдап кетет. Анын жанында бир аял бар эле.
Окуянын күбөлөрү милицияга кабарлашкан. Укук коргоо органдары шектүү катары 31 жаштагы эркек киши жана 35 жаштагы аялды кармашкан.
Ошондой эле унаанын багажнигинен сабалган адамдын сөөгү табылган. Анын айдоочулук күбөлүгү 35 жаштагы кыргыз жаранынын атына жазылган. Маркум таксист болуп иштеген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ