Кыргызстанда бандиттер жана уюшкан кылмыштуу топтор болбойт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев президенттин м.а. премьер-министр Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусунун тургундары менен болгон жолугушуусунда билдирди.
Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөш күчөтүлөрүн белгилеп, өлкөнү коррупционерлерден тазалай тургандыгын айтты.
“Коррупциялык иштерди таштагысы келбегендерди камайбыз. “Таза эмес” чиновниктерге мыйзамдын күчүн көрсөтөбүз. Мыйзам алдында бардыгы бирдей болот. Тууган-туушкан деген жок болот”, – деди ал.
Камчыбек Ташиевдин айтымында, мамлекеттик комитет ишкерлерди уюшкан кылмыштуу топтордон коргоого даяр.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ