“Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” партияларынын эсебинен парламенттин жана Президенттин аппаратынын жаңы имаратын куруу сунушталды. Мындай демилгени бүгүн, 4-ноябрда депутат Зарылбек Рысалиев Жогорку Кеңештин жыйынында “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында көтөрдү.
Буга чейин депутат Кожобек Рыспаев спикерликке талапкер Талант Мамытовго парламент үчүн жумушчу орун уюштурууну сунуш кылган.
“Биздин жумуш ордубуз талкаланды. “Ак үйдү” ким тоноп, өрттөгөнү азырынча белгисиз. Алар жооп беришеби?” – деди Кожобек Рыспаев.
Зарылбек Рысалиев талкаланган парламент имараты үчүн “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” партияларынын талапкерлери жооп берет деп эсептейт.
«Буга үч партия жооптуу. Келгиле, ушул партиялардын эсебинен жаңы имарат куралы», – деди Зарылбек Рысалиев.
Белгилей кетсек, бүгүн, 4-ноябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ