Бүгүн, 4-ноябрда Канат Исаев Борбордук шайлоо комиссиясына президентик шайлоого катышуу тууралуу арызын берди.
Исаев Канатбек Кедейканович 1975-жылы 7-февралда туулган, учурда 45 жашта.
БШКнын маалыматы боюнча, Канат Исаев жетинчи талапкер.
Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына президенттикке талапкер катары көрсөтүлгөн 6 адамдан арыз келип түшкөн. Алар: “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров, ЖЧК «Аурдин» директору Арстанбек Абдылдаев, ,“Байыркы көчмөн цивилизациясы” тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу” КФнын Башкаруунун төрагасы Кубан Чороев, «Лига-Антикризис» коомдук бирикмесинин президенти Назарбек Нышанов, Жалал-Абад облусунун экс-жетекчиси, саясатчы Бектур Асанов, саясат талдоочу Бакыт Бакетаев.
Шайлоого катышуу ниетин коомчулукка президенттин м.а. премьер-министр Садыр Жапаров билдирген. Ал кызматын 14-ноябрга чейин өткөрүп берерин айтты.
Белгилей кетсек, кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ