Тбилиси. 8 ноябрь, 2020-жыл.
Грузиянын борбору Тблисиде жекешемби күнү кечинде демонстранттар менен полиция кагылышты. Укук коргоо кызматкерлери аларга суу бүркүп, Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында чогулгандарга көздөн жаш агызуучу газ колдонду.
Алар БШКнын башчысынын отставкасын жана жаңы парламенттик шайлоону дайындоону талап кылышууда.
Полиция демонстранттар имаратка чабуул жасоого аракет жасашканы үчүн күч колдонгонун маалымдады.
31-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Грузин кыялы» партиясы шайлоочулардын 48,23% добушун алган. Ошондой эле бир мандаттуу 13 аймакта аталган партиянын талапкерлери жеңишке жеткен.
17 аймакта, анын ичинде Тбилисиде 21-ноябрда шайлоонун экинчи айлампасы өтөт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ