Бүгүн, 26-майга карата Кыргызстанда дагы 35 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 12, Чүй облусунан – 4, Ош облусунан – 4, Нарын облусунан – 8, Россиянын Санк-Петербург шаарынан келген курсанттардын арасынан – 4, Соль-Илецктен келгендердин арасынан – 3 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 1468ге жетти. Алардын ичинен:
– Жалал-Абад облусунда — 159 адам;
– Ош облусунда — 211 адам;
– Ош шаарында — 135 адам;
– Бишкек шаарында— 377 адам;
– Нарын облусунда — 280 адам;
– Чүй облусунда — 114 адам,
– Баткен облусунда — 27 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 14 адам.
– Соль-Илецкиден келгендердин арасынан – 111 адам,
– Россиядан келген жарандардын арасынан – 40 адам.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ