Талас шаарында болжол менен 30-35 жаштар чамасындагы адамдын жансыз денеси каналдан табылганын күбөлөр билдиришти.
Бул фактыны Ички иштер башкармалыгы тастыктап, 2020-жылдын 10-ноябрында саат 08:30да милицияга жергиликтүү тургун 2000-жылы туулган Т.М.дан телефон билдирүүсү келип түшкөндүгүн билдирген. Анын айтымында, Жаңы-Чек көчөсүндө каналда эркек кишинин сөөгү жаткан.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Окуя болгон жерге ыкчам топ жөнөп кетти. Денени кароодо зордук-зомбулук менен өлүмдүн изи аныкталды: көздөрүндө көгөрүүлөр, чекесинде ачык жаракат, жаактын жабык сынышы жана сол жагында баш сөөктөрүнүн сыныктары болгон.
Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Киши өлтүрүү”) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө адамдын өздүгү аныкталды. Ал 1987-жылы туулган М.А.
Учурда кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ