Бүгүн, 19-ноябрда, КРнын вице-премьер-министри – Кыргыз Республикасынын президентинин мөөнөтүнөн мурда шайлоосун уюштурууда шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча Республикалык штабдын төрагасы Максат Мамыткановдун басма сөз жыйыны болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын президентинин мөөнөтүнөн мурда шайлоосун өткөрүүнү уюштуруу, анын коопсуздугун камсыздоо боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ