Menu

Зиядин Жамалдинов, ЖКнын депутаты: «Кыргызгаздын» 1 долларга сатылганы мыйзамсыз эле болду»

Бөлүшүү:

— Зиядин Исламович, «Газпром» компаниясынын биздин жердеги жасаган иши сизди канааттандырбай жатабы?

— «Кыргызгаз» «Газпром» компаниясына өткөндө атайын келишим түзүлгөн. Ошол келишим кандай түзүлгөн, аны билбейм. Бирок менде суроолор пайда болуп жатат. 2014-жылы «Газпром» Кыргызстанга келгенде биринчи кезекте газдын баасын төмөндөтөбүз, керек болсо баардык областтарды газ менен камсыз кылабыз деген чоң сөздөрдү айтышкан. «Кыргызгаз» «Газпромго» өткөндөн кийин эле түштүк жергебизде газ толук токтоп калды. Газдын айынан түштүктүн эли бир ай кыйналды. Эч кандай маселе чечилген жок. Ошол мезгилде «Газпромдун» жетекчилери «биз 2016-жылга чейин түндүк менен түштүктү бириктире турган газ магистралын куруп бүтөбүз» дешти. Бүгүнкү күнгө чейин бул маселе чечилген да жок, баштаган дагы жок. Бул жасала турган иштерби же жасалбай турган иштерби деп ойлоп калдым. Баасына келсек эски баадан бир аз эле айрыма бар. Ошол эле баада турат десек да болот. Башка шаарларды айтпай эле коёлу, Бишкек шаарында толук газ менен камсыз кыла алышпады. 2018-жылга чейин бүтүрөбүз дешкен, иш жылган жок. Чыккан маалыматтарга таянсак алар газ магистралын куруп коюшат экен дагы, ар бир жаран өзүнүн үйүнө киргизгенге чейин өздөрү акча каражатын төлөйт экен. Ал боюнча азыр газ пайдалануучулар «Бай түшүм» банкынан кредит алып, үйлөрүнө газ киргизип жатышыптыр. Бул кандай көрүнүш болуп калды ошондо? Газды пайдалануучуларга «Газпром» өзү газды үйгө чейин киргизип берүү зарыл. Магистралды тартып туруп бул жагын өзүңөр киргизип алгыла дегени туура эмес болуп калат.

— Баалар боюнча, газ бул жакта турсун бензиндин баасы деле түшкөн жок да?

— Кыргызстан боюнча «Газпром» компаниясынын миңдеген автозаправкалары бар. Дүйнө жүзүндө нефтинин баасы түшүп кетти. Кыргызстанда бензиндин баасы түшпөйт. Алыс кетпейли, коңшулаш Казакстан менен Кыргызстандын баасынын айырмасы 10 сомго чыгып кеткен учурлар дагы кездешип жатат. Ушул багытта көптөгөн маселелерди көтөрсөк Өкмөттөн эч кандай реакция жок.

— «Газпром» такыр иштебей олтуруп алды дегени турасызбы?

— Жок, антип ойлобойм. Жаман жагын айткандан кийин жакшы жагын да айтыш керек. Булар Кыргызстанга келген 3 жылдын ичинде 6 спорт комплекс куруп, азыр ишке берилди. Анын ичинде көптөгөн балдарыбыз спорт менен машыгып, жакшы иштерди өткөрүп жатышат. Бирок булардын биринчи максаты Кыргызстанды толугу менен газдаштырыш керек болчу. Ошондуктан мен өткөндө атайын тийешелүү жактарга кайрылып муну депутаттар же Өкмөт көзөмөлдөй албаса, ким көзөмөлдөйт деп айттым. Көзөмөл жок эч качан иш болбойт.

— 2018-жылга чейин өзүнүн айткан милдеттерин аткарбаса «Кыргызгазды» кайра кайтарып алса болобу?

— Мен такыр эле кайтарып алалы дегенден алысмын. Бирок мен айтып өткөн келишимди көрүш керек.

— «Кыргызгаз» мыйзамдуу эле сатылганбы?

— «Кыргызгаздын» 1 долларга сатылганы мыйзамсыз эле болду. Газ аркылуу бизди Россия тарап көзөмөлдөп тура турган илинчек пайда болуп калды деп айтсам туура болот. Эгер эртең компания же Россия менен саясый иштер аркылуу тирешип кала турган болсок, бизге өтө кыйын көрүнүш болуп калышы мүмкүн. Тилекке каршы биз элди газсыз калтыра албайбыз, андыктан чоң илинчекти Россияга карматып койдук.

— Бүгүнкү күндө алтын куймалары боюнча мыйзамга эмнеге каршы чыгып жатасыз?

— Бүгүн Кыргыз Республикасынын салык кодексинде өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорунда бул иш каралып жатат. Баяндамачы Дастан Бекешовдун айтымына караганда Кыргызстанда бүгүнкү күндө 100 граммдык алтын монеталарды чыгарганга мүмкүнчүлүктөр экен. Эми Казакстандан алтын куймаларын сатып алыш үчүн биз мыйзам кабыл алып, ал өлкөдөн келген алтындардын жана алтындарды сактоочу жайларды дагы салыктан бошотуу боюнча мыйзам алып келишти. Алар болсо элибиз долларды кармабай алтын кармасын, алтынды сатып алсын деп жатышат. Каршылыгым жок, туура маселе. Чынында эле жарандарыбыз эгерде мүмкүнчүлүк болсо доллар кармабай акчаларына алтын сатып алып алтын кармаса болот. Бирок мен түшүнбөгөн жерим эмнеге Казакстандан келген алтынды Кыргызстандын улуттук банкы сатыш керек? Биздин Кыргызстанда алтын чыкса, «Кумтөр» деген чоң алтын компаниябыздан 20 тоннага жакын алтын өндүрсөк, ага карабай Казакстандан 140 кг алтын сатып алсак кандай болот? 100 граммдык алтынды куйган «Кыргызалтын» эмне үчүн 10 граммдык же 5 граммдык алтынды куюп бере албайт? Ушундай маселени көтөрсөм Улуттук банктын башчысы мага «Биз «Кыргызалтынга» кат жолдосок алар алтындын куймаларын жасай алышпайт экен»-дейт. Кыргызстанда кандай гана укмуш зергерлер бар. Каалаган граммдагы алтын куймаларын жасап беришет. Бул эми жөн гана бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн жасалып аткан мыйзамга окшоп калды. Мисалы бизде 140 кг алтынды жөн гана сатып алып коё турган байларыбыз бар. Алтын сатып ала турган киши 12% салыгы менен кошо сатып ала турган мүмкүнчүлүгү бар болот. Алардын баарын салыктан бошотуп жатабыз. Өкмөттүн өкүлүнө суроо берсем бул мыйзамды колдойбуз деп олтурат. Бюджетте акча жок деп ызылдап жатсак, бирөөнүн кызыкчылыгына туура келген мыйзамды алып келип, чет жактан алтын куймаларын сатып алсак, бул жагы кандай болуп калат?

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: