Бишкекте белгисиз адамдар “Ата Мекен” партиясынын штабына келип, ал жерде жаңжал чыгарышты. Бул тууралуу активист Искен Афиджанов Facebook баракчасына жарыялады.
Маалыматка ылайык, кечээ, 21-ноябрда штабга саат 16:00 чамасында 20 чакты адам келгени такталды. Алар саясий партиянын негиздөөчүсү Өмүрбек Текебаевден элден кечирим сурашын талап кылышты.
Өмүрбек Текебаев так кайсы нерсе үчүн кечирим сурашы керек экендигин айтышкан эмес. Бир нече убакыт өткөндөн кийин белгисиз адамдар кетип калышкан.
Белгилей кетсек, буга чейин Өмүрбек Текебаев жаңы Конституциянын долбооруна каршы чыгып, андан баш тартуунун зарылдыгын билдирген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ