Жаңы жылга карата корпоративдик иш-чараларга тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, аталган иш-чараларга көп адамдар чогулат, аралык жана бет кап режими сакталбайт.
“Тактап айтканда, бул тыюу салуу мамлекеттик кызматкерлерге тиешелүү. Эч кандай жаңы жылдык кечелер бир да коллективдерде өткөрүлбөйт. Бул багытта мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тапшырмалар берилди », – деди ал.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус эпидемиясына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими күчүндө. Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө коронавируска чалдыккан адамдардын жалпы саны 71 171ге жетти. Алардын ичинен 57 760ы оорудан айыкты. тилекке каршы 1251 бейтап каза тапты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ