Menu

Сириянын армиясы Алеппонун чыгышындагы дагы бир районду ээледи

Бөлүшүү:

Сириянын армиясы соңку эки күндө Алеппонун чыгышындагы экинчи районго өз көзөмөлүн орнотконун билдирди. 27-ноябрдагы билдирүүгө ылайык, өкмөттүк күчтөр Жабал Бадро районун ээледи. Бир күн мурда Ханано району да Сирия армиясынын колуна өткөнү кабарланган.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Жабал Бадро району Дамаск өз көзөмөлүнө алганын 26-ноябрда билдирген Ханано кварталынын жанында жайгашкан. Ханано куралдуу көтөрүлүшчүлөр тарабынан 2012-жылы басылып алынган эң биринчи квартал болгон. Өкмөттүк күчтөр көтөрүлүшчүлөрдүн андагы позицияларын бир нече күн бутага алышкан.

Эл аралык гуманитардык уюмдар Алеппонун чыгыш бөлүгүндөгү жай тургундардын абалына кабатыр. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Сириянын армиясы анда иштеп жаткан бардык ооруканаларды билип туруп талкалаган.

Көтөрүлүшчүлөрдө суу менен азык-түлүктүн чектелген гана запасы калды. БУУнун баамында, чыгыш Алеппода дагы деле 250 миңге жакын адам жашап жатат.

Алеппо шаары 2012-жылдан бери экиге бөлүнгөн абалда. Өкмөт шаардын батыш тарабын, көтөрүлүшчүлөр болсо чыгыш тарабын көзөмөлдөп келген. Алеппо Сириянын армиясынын колуна өтсө, бул президент Башар Асаддын беш жарым жылдан берки уруштагы чоң жеңиши болуп калат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: