Египет Израилди палестин жерлерине кыштактарды курууну токтотууга чакырган резолюция долбоорун БУУнун Коопсуздук кеңешине киргизүүнү кийинкиге калтырды.
Ага чейин АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Израиль премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун БУУ Коопзсудук кеңешинде резолюция долбооруна вето коюу өтүнүчүн колдогон.
Египет 21-декабрда Израилден тез аранын ичинде оккупацияланган палестин аймактарына, анын ичинде Чыгыш Иерусалимге кыштактарды куруу боюнча аракеттерин толук токтотууну талап кылган резолюция долбоорун жарыялаган.
Палестиналыктар Чыгыш Иерусалимди израиль-палестин маселеси чечилгенден кийинки келечектеги палестин мамлекетинин борбору деп эсептешет. Израиль болсо Иерусалимди толугу менен өз борбору деп эсептейт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ