Кыргызстандагы ЖОЖдор Жаңы жылдан кийин ачылат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева өзүнүн Твиттердеги микроблогунда жазды.
“Шаарлардагы бала бакчалар боюнча суроолор/кыйынчылыктар көп, биз карап жатабыз. Биз ооруканалардагы бейтаптардын (кары-картаңдар жана өнөкөт оорусу бар адамдар) массалык агымын алып чыга алабызбы деген суроо турат” – деп жазат вице-премьер-министр.
Белиглей кетсек, Кыргызстандагы коронавирус инфекциясын массалык түрдө жуктуруп албоо үчүн март айынын аягында билим берүү мекемелери жабылган.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ