Жалал-Абадда курулуш базарынан уурдалган аялдын сөөгү бир айдан кийин дарыянын жээгинен табылды. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти.
Алардын айтымында, ноябрь айынын башында Жалал-Абад ОИИБге жергиликтүү тургундар арыз менен кайрылышкан. Алар Сузак районунун тургуну жана тууганы дайынсыз жоголгонун билдиришкен. Маркум Жалал-Абад курулуш базарына кетип, байланышка чыкпай калган. Анын уюлдук телефону өчүк болчу.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө белгисиз адамдар “Тойота” унаасында аялды уурдап кетишкени аныкталды.
Кечээ, 6-декабрда аялдын сөөгүн дарыянын жээгинен табышкан, анын сөөгүн иттер кемиргендиктен, ким экендиги дээрлик аныкталган эмес. Алдын ала маалыматтар боюнча, аны муунтуп, сууга ыргытып жиберишкен.
Белгилүү болгондой, аял жергиликтүү тургундарга үстөк пайыз менен акча берген. Бул кылмышка шектүүлөр камакка алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ